www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асылбек - Мээрбек “аймашы”…

Атамбаевдин саябанында өскөн Асылбек Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев деген КСДПчылар бар. Акыркы күндөрү өз ара айтышып, артында турган чоң саясий фигуралардын карама-каршылыгы тууралуу кабар беришүүдө.

Чабуулду Атамбаев жана Ниязовдун оюндагысын айтып жаткан, алардын рупоруна айланган Мээрбек Мискенбаев баштады. Ал “жылан чакпай, жылкы теппей” эле Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырыш керек, “үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбеш” керек, Сооронбай Жээнбеков Жаныш Бакиевдин кадраларын алып келбеш керек деп чыкты.

Интернет талааларында, социалдык түйүндөрдө болсо Сооронбай Жээнбековдун троллдору Атамбаев жана Исаковдун троллдору менен айгышкан согуш жүргүзүп, бири-бирин жерден алып, сууга салууда.

Мына ушул кармаштын аягы эмне менен бүтөт, тактекелерди секирткендер, тактап айтканда, көшөгө артындагы Атамбаев жана Жээнбеков карама-каршылыгы качан ачыкка чыгып кетет же ага жеткиришпейт бекен деген суроолор чыгып жатат.

20-мартта Бишкекте КСДП фракциясынын жабык жыйыны болуп өттү. Бул дагы интрига жараткан жыйын болду. Анткени анын күн тартиби так айтылган жок. Ошондуктан анда Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыруу маселеси козголот деген пикирлер пайда болду.

Жыйынга Атамбаевдин оң колу болуп жаткан Фарид Ниязов дун атышуусу интриганы ого бетер күчөттү.

Бирок жыйын соңунда Асылбек Жээнбеков анын мандатын тапшыруу жөнүндө сөз болбогонун билдирип, ал эми Мискенбаевди чагымчы деп атады.

Фарид Ниязовдун фракция жыйынына катышуусуна келсек, ал эки нерседен кабар берет. Биринчиден, Атамбаев жана Ниязов фракция ишин колго алып, аны мындан ары тыкыр жетектөөнү көздөгөндөй. 

Экинчиден, 31-мартка белгиленип жаткан КСДПнын курултайына жана 7-апрелди белгилөөгө байланыштуу маселелерди талкуулап алуу жатышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, КСДП фракциясы жакында эле күч структураларын, өкмөттү сынга алды. Апрелде Сапар Исаков отчет менен парламентке келет. КСДПчылар партия лидеринин өкүлү менен өкмөттүн тагдырын талкуулашы да турган  иш…

31-марттагы курултайда Атамбаев КСДпын төрагалыгына шайланат деп кабарланган. Мына ошол жерде Атамбаев ал бийликтен кеткенден бери айтылып жаткан айыптоолорго, анын ичинде Бишкек ЖЭбиндеги, Бажы тармагындагы коррупция, Сооронбай Жээнбеков саясатына өз пикирин айтууга тийиш…

Булак: Элньюс

Последние новости