www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23 жаштагы америкалык актриса Уэнди Доркас байлыгына кызыгып, өзүнөн үч эсе улуу миллионер Роджер Доркаска турмушка чыккан эле. "Непада күйөөм о дүйнөгө узап кетсе, байлыгы мага калат" деп ойлогон болчу актриса. Бирок Роджердин көзү өткөндөн кийин, анын бүт байлыгы (64 миллион доллар), ити Максимилианга мураска калтырганын угуп, эстен танат.

Арийне, актрисанын амалына чек жок. Уэнди миллионду өзүнө калтыруунун жолун табат, башкача айтканда, итке баш кошот. Көрсө, миллионер итке акчасын которуу үчүн аны АКШнын атуулу катары документке каттатыптыр. Ошентип Уэнди менен иттин үйлөнүү үлпөтү болуп, убагында бүтүндөй Американын оозун ачырган. Качан ит карылыгы жетип өлгөндө, бүт байлык актрисага эч тоскоолдуксуз өтүптүр.

Булак: Сырдуу дүйнө

Последние новости