www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда милициянын подполковниги 19 килограмм баңгизатты мыйзамсыз алып бара жаткан жеринен кармалгандыгы тууралуу интернет барактарында маалымат чыкты.
Кармалган адам Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөгөндүгү айтылууда.
Ал 19-мартта Ош-Баткен жолунда кармалгандыгы маалымдалды. Унаасын текшерүүгө алган учурда 16 баштыкка бөлүнүп салынган 19 килограмм 650 грамм баңгизаты табылган. Тинтүүгө алганда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери деген күбөлүк, баңгизаттарды текшерүүдө колдонулган инструмент да табылган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, баштыктагы заттар Ооганстанда өндүрүлгөн гашиш экени белгилүү болгон.
Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, ОШ ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчилери мындай иштер менен шугулданып жатканы, карапайым калктын үрөйүн учура турган көрүнүш.
Булак: NazarNews.kg