www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊештин бүгүн, 20-апрелде өтүп жаткан кезексиз жыйынынын жүрүшүндө КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк коалициясына «Республика – Ата Журт» фракциясы кошулуп, анын курамы кыйла кеӊейгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу маалыматты ЖК басма-сөз кызматы билдирди.
Андан тышкары, Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк колиациясынын 19-апрель күнү өткөн жыйынында КР Премьер-министри кызмат ордуна Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлиги жактырылганын кошумчалады.
Ошентип, азыркы учурда Жогорку Кенештин көпчүлүк коалициясын төмөнкү фракциялар түзүп калды:
- “КСДП” фракциясы (38 депутат - 32 пайыз);
- “Республика – Ата-Журт” фракциясы (28 депутаттык мандат - 23 пайыз);
- “Кыргызстан” фракциясы (18 депутаттык мандат - 15 пайыз);
- “Бир Бол” фракциясы (12 депутаттык мандат - 10 пайыз).
Ал эми «Өнүгүү – Прогресс» (13 депутаттык мандат – 11 пайыз) жана «Ата Мекен» (11 депутаттык мандат – 9 пайыз) фракциялары парламенттик азчылык тарапта калды.
Булак: NazarNews.kg