www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2010-жылдагы кандуу бийликтин алмашканына калк арасында ар кандай божомолдор айтылып келет. Аттуу-баштуулар чындык айткандан корксо, айрымдар билип туруп билмексен болот. Ал эми 2010-жылдагы бийликтин алмашуусун  ЖКК "куралдуу мамлекеттик төңкөрүлүш" деп жыйынтык чыгарган. Бийликтин ар кандай алмашуусу тууралуу  "Жаңы ОРДО" гезити, мурунку өкмөт башчы, генерал-лейтенант Феликс Куловдон маек алган. Маектин маанилүү жеринен үзүндүнү окурмандарга сунуш кылабыз.

-- Сиздин "Ашууда" деген китебиңиз чыккан. Ошол китепте "Атамбаев миң адам өлсө дагы бийликти алабыз деп айткан" деген бир сап жүрөт. Атамбаевдин бул сөзү эмнеден улам айтылган?

-- Ооба, китепте ошондой учур жазылган. Атамбаев дайыма эмоция менен сүйлөйт да. Жолугушуу болуп жатканда "Келгиле, бийликти басып алабыз" деп айтканда, сага мунун эмне кереги бар, цивилдүү жол менен бийликке келишибиз керек дегем. Атамбаев "Миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз" деп айткан. Жөнөкөй адамдардын баары эле Советтер Союзунун Баатырыбы? Мен курал тууралуу түшүнүгүм болсо да атыш керек деген сөздү айтпайм деп  айткам. Кийин балдарга бул эмне деп жатат деп айттым. Кызык да, алар ар кандай согуш үчүн мыкты даярдык керек экенин, жакшы даярданган балдар зарыл болорун, эмне менен басып алууну, андан кийин эмне кылуу керек экенин түшүнүшпөйт. Жөн эле курал алып өлтүрөм дегендей эле кеп.

--Ошентип айтканыңыздан кийин эмне деди? Уялдыбы?

--Жок. Ар ким өз оюнда калды.

(уландысы бар)

Булак: NzarNews.kg

Последние новости