www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери баңгизат ташуу менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Андан алынган маалыматка караганда, Ош шаарынын 35 жаштагы Т.М. аттуу тургуну баңгизатты Тажикстандан мыйзамсыз ташып келип, Орусияга жеткирип жүргөн. Атайын операциянын алкагында анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, бөлмөлөрдүн бириндеги жашыруун сандыктан тасмага оролгон, атайын жыты бар порошок салынган 48 таңгак алынган.
Экспертизага ылайык, алынган зат героин экени такталган. Анын салмагы алты килограммды түзгөн.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу") менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.
Булак: NazarNews.kg