www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Исхак Абсаматович, жеке кишилердин активдерин легалдаштыруу боюнча мыйзам долбооруна көз карашыңыз кандай?

- Бул мыйзам негизи кээ бир учурда, бир формациядан экинчи формацияга өткөндө керек. Байлыктарды ар кандай жолдор менен топтойт да. Өз учурунда декларация тапшырбайт, байлыктын булагын көрсөтө албайт. Анан убактысы келгенде “бул кайдан келген акча?” деген суроо пайда болот.

Ошондой жарандарды легалдаштырыш үчүн, мындан ары салыкты төлөсүн (!) деген максатта ушундай кадамдар жасалышы мүмкүн. Биздин жакынкы эле тарыхыбызды алсак, он-он беш жылдын ичинде мындай мунапыс үчүнчү жолу болуп жатат. Бирок чынын айтканда, ал күткөндөй натыйжа берген жок. Акча баягыдай эле эжебажаларынын атында, оффшордук зоналарда жүрөт.

Себеби, өкмөткө ишенбейт. Легалдаштаргандан кийин деле талкалап салышы мүмкүн деп коркот. Мен бир эле мисал айтайын, Ахматбек Келдибеков өз убагында мүлктөрүн декларациялап көрсөткөн. Бирок, “карачы, уурдап алган” деген сөз чыккан. А чындыгында ал уурдаган эмес, болгону бар байлыгын бүт көрсөткөн. Мен ойлоп атам, бул жерде кандайдыр бир кызыкчылык бар го деп. Себеби, бийлик алмашканда анча-мынча мүлктөр да алмашат. Мына ошолорду легалдаштырыш керек.

- Анда мындай мыйзамдын кереги жок дейсизби?

- Кереги жок. Уурдаган болсо жооп берсин, мүлкүн конфискация кылыш керек. Биз болсо ууруларды “төлөп кой да, эркин жашай бер” деп жатабыз. Жогоруда айтпадымбы, ар бир мыйзамдын артында улуу Ленин айткандай, кызыкчылык турат. Же салык көбүрөөк түшө баштайт деген мамлекетте кызыкчылык бар, же жашырган мүлктөрүбүздү ачыкка чыгарып алууда айрым жигит-кыздардын кызыкчылыктары бар. Өзү өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштесе да чоң-чоң соода борборлоруна ээлик кылгандар кызыкдар болуп атышса керек да.

Булак: Азия News гезити

Последние новости