www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исхак Пирматов Америкада бизнес кылып чардап жүрѳт…

Кыргызстанда коррупциялык схемаларга аралашып, ичип-жеп байып, анан ыңгайлуу учурду күтүп туруп Америкага куйрук түйүп кеткен чиновниктердин катарын Исхак Пирматов дагы толуктайт. Азыркы тапта бизнес кылып, Байсалов айткандай кылы кыйшайбай жыргап жүрѳт. 

Исхак Пирматов Бакиевдердин доорунда «Кыргызнефтегазды» жетектеп, жасалма банкорт абалга чейин жеткизип, Максим Бакиев экѳѳ сатып жибере турган болгондо 2010-жылы революция болуп кетип иштен кеткен. Кийин «Республика» партиясынан депутат болуп келгенде, «Кыргызнефтегаз» ишканасын жетектеп турганда мамлекетке 256 миллион сом зыян келтиргени боюнча кылмыш иши козголуп, бирок депутаттар калкалап камалбай калган. Байлыкты ошол кезде топтоп туйтунганы баарына маалым. 

Ошондон соң, токочтуу бала сүймѳнчүктүү болуп, 2020-жылга чейин улам жаңы келген бийликти колго алып, депутаттык креслодон түшпөй келген. Эки достун доорунда ити чѳп жебей калды. Камалды, бирок чала-була «кускан» болуп дагы да болсо кылтактан чыгып кетти. Анан дароо Америкага куйрук түйдү. Бүгүнкү күндѳ бизнес кылып жатат чардап…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости