www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраеванын куттуктоосу:

Урматтуу илимпоздор, сиздерди 10-ноябрь - Илим күнүңүздөр менен куттуктайм!

Аталган кесиптик майрам өлкөбүздө жыйырма жылдан бери салттуу түрдө белгиленип келет.

Илим – бул адамзаттын өнүгүү жолунун негизи. Илимге маани берген коом ар дайым жаңыланып, заманбап жана ыңгайлуу жашоого жетишет. Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы илим менен техниканы айкалыштыруунун натыйжасында ийгиликтерди багындырып келет.

Ал эми илимпоздор коомдун кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгон, жалпы өнүгүүгө өмүрүн арноо менен тарых жараткан инсандар.

Сиздер билим кени болгон университетибизде талыкпай эмгектенип, жаш илимпоздорду өстүрүү аркылуу өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келесиздер. Андыктан, бүгүнкү кесиптик майрамыңыздарды утурлай, сиздерге жаңы изденүүлөрдү, бекем ден соолук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Последние новости