www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-ноябрь ата-бабаларды эскерүү күнүндө Орусиялык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору В.И.Козодой Бишкекке келип, өзүнүн "Сибир кыргыздарынын беги Эренек" аттуу китебинин бет ачаарын өткөрдү. Иш-чара борбор калаадагы «Новотель» мейманканасында өттү. 

В.И.Козодой 6-ноябрь күнү учуп келип, аталган мейманканадан орун алган. 

Эскерте кетсек, бул мейманканын бизнесмендери профессор Козодойдун изилдөөлөрүнө жардам берип, бири жатакана менен камсыз кылса, бири тамак-ашын төлөп, бири келип кеткен жол киресин көтөрүп, жардам берип келишет.    

Китептин бет ачаарына Астанадан Тарых институтунун башчысы З.Кабулдинов да чакырылган. Кызыгы, 7-ноябрь күнү Ак үйдөн шашылыш кабар келип, вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун келиши маалымдалып, иш-чарага келген эл аны күтүп калат. Чын эле Э.Байсалов келип, иш-чара башталат. 
Сөз кезеги Байсаловго келгенде, ал Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен келгендигин айтып, В.И.Козодойго өкмөттүн грамотасын тапшырып, бул «аванс» экенин айтат. 

Бул тууралуу ал: "Биз сиздин китепти дагы баамдап көрөлү. Мен китепти окуп чыктым. Биздин тарыхыбыз 22 кылымга созулат. Эмнегедир сиз аны азайтып 19 кылым деп жатасыз. Ошого биз тарыхчыларыбыз Тынчтык Чоротегин, Кыяз Молдокасымовдон сурайлы", - деп элдин көзүнчө бакылдап, көптөрдүн кыжырына тиет.

Эл "муну тантыратып ким чакырды эле, сыйлык бербей эле койбойбу" дешип кыжырданды. 

Себеби, иш-чарага Казакстандан келген З.Кабулдинов профессор В.И. Козодойду Казакстандын президенти Токаевден орден алганыдыгын жарыялап, элди бир кубандырып алды эле. Ошого эл Байсалов профессорго ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатканына аң-таң болуп, анын бул аракеттерин анчейин түшүнө албай жатты.

Иш-чара бүтүп бүтпөй эле, эл арасында Байсалов В.И.Козодойдун китебин өлкөнүн бүтүн китепканаларына, мектептерине жеткирилсин деп буйруганы тууралуу сөз айткандан кийин эл ого бетер аң-таң болду. Жаңы эле тиги президенттердин баарынын санжырасын жазып жаткан тарыхчылары К.Молдокасымов менен анын досу Чоротегинден суйрайлы деп жатты эле, буга эмне болду бир заматта оюн өзгөртүп, "профессор Козодойдун китебин бардык мектептерге жайылткыла" деп тапшырганы дешип түшүнбөй  дагы калышты. Андан да "Тойбос" ишканасынын бизнесмендери Байсалов менен иштешип жатканбы? "Крышасы" Эдил Байсаловбу деген күмөн ойлор жаралды.

Иш-чарада дагы бир кызыктуу билдирүү болду. Аны тарых илимдеринин доктору, профессор О. Каратаев жасады. Ал сөз алып: "Бул жерде Козодойду Эренек бийди тирилтип, кайтарып берип жатат деп жатышат. Бул туура эмес. Ал тууралуу мурда эле жазып койгонбуз", - деп, Эренектин тарыхына мурда азын-оолак кайрылып жүргөн окумуштуулардын эмгектерин чоң китеп жазышкан деп санап жатты. Ал анысы менен Козодойдун алдына чөк түшүп , намаз окуганыңарды токтоткула дегендей мааниде бакылдады.

Акырында ал мен жакында Бутанаев экөөбүз жазып жаткан китепти чыгарып элге тартуулайм деп күпүлдөдү. Бирок, ошол эле жерде ал мурда жазган окумуштуулар кичирээк толук эмес макалаларды жазганын жашырды. Анан калса, алардын айрымдары Эренек хакас беги деп жазышкан да. Аны да жашырды. Ошол эле В. Бутанаев "Эренек хакас беги" деп жазган эмгеги бар экенин Хакасиядагы кыргыз мигранттары айтып эле жүрөт. Олжобай Каратаев, Тынчтык Чоротегин, Кыяз Молдокасымовдор аны канчалык катса деле, элден жашыра алышпайт. Себеби, Хакасияда Эренекти хакас беги деп жазып келишкени көпчүлүккө белгилүү. Олжобай Каратаев Кыргызстанга Эренекти кыргыз беги деп жазып тартканы жатат. Бирок, Бутанаев мурда эле Хакасияда "Эренек хакас беги" деп жазып койгонун унутпайлы.

Баса, КР президенти Садыр Жапаров Эдил Байсаловду жоктон тапкансыбай кызматтан алып салса жакшы болмок, анын Англиянын ханышасы, маркум Елизавета 2 менен саламдашып, англис тилин билгени эле болбосо кыйратып иш деле кылган жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости