www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына өгөй ата эки кызын сабаганын жазып чыкты.

"Мага 9 жана 10 жаштагы кыздардын апасы кайрылды. Кыздардын өгөй атасы аларды түнү менен сабаган экен. Ал эми милиция аны эркиндикке чыгарып коюптур", — деп жазып, сүрөт менен бөлүштү.

Бишкек ШИИБ кыздарды сабаган өгөй ата кармалганы тууралуу мааалымат берди.

"Учурда 1990-жылы туулган К.И. аттуу жаран райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, кийин негизги материалдар боюнча чечим чыгаруу үчүн Бишкектин Ленин райондук сотуна жөнөтүлөт", — деп билдиришти.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып же күбө болуп калсаңыздар, Бишкек ШИИБ төмөнкү телефондорго чалууну суранышты: 0 (701) 700-251 (WhatsApp), 0 (312) 43-71-75 же 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуру аркылуу.

Возможно, это изображение 1 человек

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости