www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков өзү туулуп өскөн Алай эли менен жолугушту. Аны менен “Ата Журт” саясий партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов, 5-чакырылышынын вице-спикери Надира Нарматовалар барышты. Жолугушууда учурдун талаптары айтылып, А. Келдибековго калың эл батасын беришип, ак боз ат мингизип алдыдагы президенттик шайлоодо жолу ачылышын каалашты. Байыртадан баатырлар, даткалар чыккан эр жүрөк элдин тукуму Ахматбек Келдибеков ак боз аргымак менен аттанды!

Жогорку Кецештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков президенттикке өз алдынча ат салышуу ниетин Алайда эл менен жолугушууда билдиргени кабарланды. Буга чейин Келдибеков өлкөдөгү таасирдүү саясатчылардын катарындагы Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров менен тандем түзүп, президенттикке бирдиктүү талапкер көрсөтөөрүн жарыялашкан.

Парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун президенттикке ат салышуу ниетин кичи мекени Алайда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирген. Бул тууралуу Келдибековдун кеңешчиси Шайырбек Маматокторов «Азаттыкка» кабарлады:

- Акматбек Келдибеков өзү туулган Алайда эл менен жолугушуп, бата алып шайлоого аттанды. Аксакалдар менен кеңешти. Аны ак боз атка миндиришти, чепкен жаап, калпак кийгизишти. Жанында коштоп саясаттагы өнөктөшү, досу Камчыбек Ташиев жүрөт. Дагы бир топ саясатчылар, депутат Улукбек Ормонов да бар.Президенттик шайлоого катышуусу боюнча Келдибеков азырынча өзү расмий билдируу тарата элек. Бирок аны менен Алайга чогуу барган Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынан депутаты Улукбек Ормонов ырастады:

-Ошол жактагы аксакалдар, жаштардан президенттикке талап-керлигиңди көрсөт деген сунуш түштү. Ал боюнча Бишкекке келген соң жарыяласа керек.

Буга чейин Акматбек Келдибековөлкөдөгү таасирдүү саясатчылар Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров менен тандем түзүп, президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкер көрсөтөөрүн жарыялашкан.

Бул боюнча аталган үчилтик чечим кабыл алынган соң коомчулукка жарыяларын айтып келишкен. Бирок Келдибековдун өлкө башчылыгына ат салышуу ниети тууралуу тандемдештердин бири Адахан Мадумаров кабары жок экенин «Азаттыкка» билдирди:

- Кабарым жок. 5-6 күндөн бери айылдарда эл менен жолугушууларды өткөрүп жатам. Баткен, Жалал-Абад облустарында жүрөм.

Ал эми Мадумаров өзү «президенттик шайлоого катышасызбы?» деген суроого «аны кийин айтам» деп жооп берди.

51 жаштагы Акматбек Келдибеков буга чейин Социалдык фонддун төрагасы, Салык кызматынын башчысы болуп эмгектенген.

2010- жылы “Ата Журт” партиясынын катарында Жогорку Кеңешке өтүп ошол жылы парламент төрагалыгына шайланган. Бирок

2011- жылдын аягында Келдибековдун кылмыштуу топтун башчылары түшкөн сүрөтүнөн улам чыр чыгып, төрагалыктын кетүүгө аргасыз болгон.

Ал эми 2012-жылы Акматбек Келдибековго Салык кызматын жана парламентти жетектеген кезде кетирген кемчиликтери боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «коррупция» беренелери боюнча кылмыш иш козголуп, камакка алынган.

Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында “коррупция” беренеси боюнча коюлган айып далилденген эмес. Ал эми “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” кинеси боюнча жарым-жартылай айыптуу деп табылып, 10 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Келдибеков өзунө тагылган айыптарды саясий куугунтуктоо катары санап, бирок былтыр сот белгилеген айыппулду төлөгөн эле. Мыйзамга ылайык, экс-төраганын соттуулугу бир жылдан соң алынышы керек болчу.

Буга байланыштуу Акматбек Келдибековдун президенттикке талапкер катары каттоодо эч кандай тоскоолдук болбойт дейт БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков:

- Келдибековду талапкер катары каттоодо эч кандай тоскоолдук болбош керек. Себеби жогорку баскычтагы сот чечиминин негизинде айыппулду төлөгөн. Ошондой эле соттуулугу алынган. Ошондуктан талапкер катары каттоого тоскоолдук жок деп ойлойм.

Эксперттер Келдибеков президенттикке аттануу менен парламент сыртындагы оппозициянын негизги талапкерлеринин бири болорун айтышууда.

Булак: "Кабар инфо"

Последние новости