www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн биринчи Вице-премьери болуп олтурган Мухаммедкалый Абулгазиевдин айланасында анчалык ак-карасы ачыкталбаган айрым иштер көмүскө калып көрүнбөй келгени жашыруун эмес. Мамлекеттик соцфондду жетектеп, дароо жогорку кызматка орун которгон Абулгазиев соцфонд тармагында кайсыл жасаган жигердүү эмгектери үчүн бүгүнкү кызматына жетип, барандуу барк күүтүп олтурганына түшүнүп деле болбойт. “Акчаң болсо таңкасы” тариздеги Кыргызстандагы жетекчилик орунга жетүү ыкмасы бул жерде ишке ашканы болбосо, Абулгазиев азаматыбыздын өлкөгө кылган жакшылыктарын санап олтурууда беш манжаны ачып жабууга болбосу белгилүү. Соцфондду жетектеп турганда “Де факто” сыяктуу барктуу гезиттер баштаган  басылмалар Аублгазиевдин айрым  иштеринин сары изине түшкөн болчу. Анда миллиондогон акчалардын башы кылтыйып, 5 жылда соцфонд имаратын оңдоо үчүн эле 15 миллион сом бөлүнгөнү, имараттын тепкичтери 1 миллион 700 миң сомго кайра жасалганы, мекеме кызматкерлери үчүн ашкананы кеңейтүүгө канча миллиондорду жаап-жашырганы (2 миллион 800 миң сом болжолу кеткени айтылып келет) суралып, сумсайып жоопсуз калган эле. "Сары-Челек" рестораны да М. Абулгазиевге тиешелүү экендиги айтылып, кызынын  "Ажара" ЖЧКсы бар экени бирок, соцфондго такыр төлөм бербестиги да бир ирээт сөз болгон жайы бар. Абулгазиев соцфондду жетектеп турганда айрым ишкерлердин соцфондго тиешелүү айыптарын жана туумдарын жокко чыгарганын, Чүй облустук соцфондунан жоголгон 200 миң тонна буудайдын кайда кеткендигин ошол кезде азыркы өлкөнүн биринчи Вице-премьери Аубалгизиевден суралганы менен жооптор жолдо калып,  Мухаммедкалыйдын мурдун балта кеспей жогорулап олтурганына жол болсун.

Түйүнчөк болуп түйүлгөн Абулгазиевдин соцфонд тармагында жасаган журтка жакпас иштеринин бир үзүмү ушулар болсо, анда азыркы бир өлкөнүн экономикалык, социалдык тармагынын башында турган бул кызматында  эмнелерди гана кылып жатпады экен? Өткөн жылы Жогорку Кеңештин куттуу трибунасында “Республика-Ата Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өкмөт башы Сооронбай Жээнбековду ишиндеги бир катар кемчиликтери үчүн сынга алып, жанында олтурган Мухаммедкалый Абулгазиевдин кайсыл ырыскысы үчүн өкмөт курамында кармап жүргөнүнөн таң берип, Абулгазиевдин тике өзүнө “Сиз биринчи вице-премьерге татыктуу эмессиз”-деп кесе айткан. Албетте, Абулгазиевдин эмнеге татыктуу эместиги бир Бабановдун ичинде болсун дегенибиз менен, коомчулукта деле корутунду чыгарып анын эмнеге татыктуу эместигине баа берип кое турган бир катар иштери бар, сыягы. Акыркы эле Дача Су айылындагы кырсыктан өкмөттүн кымырып алчудай аракетинин башында, элге этек башын жыйбай чуркагандай түр көрсөткөн Абулгазиев, эл ырыскысына чогулган 195 млн. сом акчанын аягын кандай жыйынтыктап жатканын бир кудайдан башкабыз билбей деле турабыз. Дача сулуктардын күйүтү токтой элек. Бул жагы узун сабак кеп болоор...

Интернет айдыңында КСДПнын депутаты менен болгон журналист кыздын чыры бул  күндөрдө деле активдүүлүгүн жоготкон жок. Себеби, чырга баа берилип калыс каралбай келүүдө. Мына ушул чырдын башталышы болгон гезиттеги макалада  М.Абулгазиевдин аты аталган жайы бар. Анда Рита аттуу жаран, депутат айымдын чалуусу менен Вице-премьер Абулгазиев аркылуу өзүнүн максаттуу иштерин бүтүрткөнү баяндалган. Укуругу узун бийлигине салып Мухаммедкалый мырза    мындай максатсыз, майнапсыз иштердин канчасын бүтүрүп жатты дейсиз?

 Учурда М.Абулгазиевдин Кочкорлук  досу, “Оргтехстрой” курулуш ишканасынын жетекчиси Канат Исмаилов тууралуу аңыз кептер айтылып, алардын ортосундагы айрым коомго терс көрүнүш жараткан окуялар тууралуу сөздөр жүрүүдө. М.Абулгазиевдин ат көтөргүс авторитетине таянган Канат Исмаилов Горький көчөсүндө жайгашкан 4 кабат имаратты бир кездерде өзүм билемдик менен өзүнө менчиктештирип алгандыгы, ал иштердин этеги, тагыраагы мыйзамдуулугу ушул кездерге чейин ачыкталбай келе жаткандыгы белгилүү. Бул боюнча кылмыш иши да козголгон. Абулгазиев турганда ал жайдын мыйзамдуулугу ачыкталмак беле? Транспорт министрлиги «Оргтехстрой» жок дегенде ал имараттын 2-кабатын мамлекетке өткөрүп бериши керек экенин айтып келет. (Бул иштерге кийинкиде кенен кайрылабыз) Бирок имараттын 3-4-кабаттарына бир кездеги транспорт министри Калыкбек Султановго тиешелүү делген  “Авангард-Стиль” фирмасы ээлик кылаары да айтылган. Калыкбек Султанов дагы Кочкордун кулуну. Демек, “былыктары” бирине байланган “кочкор кошелектору” бул чөлкөмдө гүлдөп бараткан окшобойбу.

Мамлекеттин табагынан жем жеген Калык мырза менен Мухаммедкалыйдын абалын түшүнсө болот. Жаманы, алардын акырынан “жем жэп”, семирип бөөдө шордуу бечаралардын көз жашынан, кудайдан коркпос Канат Исмаиовдун бар жоруктарына бали деп турабыз. Канат Исмаилов жогоруда сөз болгон “Оргтехстрой” курулуш ишканасын жетектейт. Шаар ичинде бир катар курулуштарды кылган. Анын “Жал” кичи районундагы курулушунун айланасында, аны сатып алган жашоочулардын да арыз муңу ичтерине батпай жатканынан кабарыбыз бар. Бир кезде соцфондду жетектеп турган М.Абулгазиев досунун кийлигишүүсү мененби, айтор Кочкордогу эски имараттардын бирин дал ушул “Оргтехстрой” ишканасын жетектеген Канат мырза алып, заманга жараша тыкчыйта салып  Кочкор соцфондунун имаратына өткөрө салганы да бар. Бекер эместир. Эми ал кандай максатта, канчалык сапатта, кимдин каржылоосунда болгондугу өзүнчө кеп. Азыр Кыргызстандагы курулуш, жол маселесиндеги тендерлердин айланасындагы чыр-чатактар кол ийрисине тарткан жагдайлардан улам болуп жаткандыгы белгилүү. Андай иштер айныксыз жазаланып, артында кимдер тураары ачыкталууда. Сыягы, Канат Исмаилов деле Абулгазиевдин арты менен мындай ырыскылардан куру калбай жатса керек. Айталы, “Манас 2” Эл аралык аэропортундагы тендер жолу менен ишке ашкан курулуш иштери, Жумгалдын Кызарт айылындагы мектептин салынышы да Канат Исмаиловго таандык болууда. Алардын канчалык ачык тендер менен болгону эч кимге белгилүү деле эмес. Демек, сапаттуу-сапатсыздыгы “бүткөн ишке сынчы көп, досум. Ишиңди кыла бер”-теризде жыйынтыкталганы айтпаса да белгилүү. Мектептердин сапаты менен дурус ишине көз салган Президенттин жардамчысы Икрам Илмиянов деле “Оргтехстрой” курган мектептердин ишине, тендердеги теңчиликтерге бир көз кырын салып койсо ашыктык болбос эле.  Бул иштерге өзүнчө кенен кайрылабыз.

Азыр, байлыгына манчыркап, өзүн кудай ордуна көрүп калган карапайым адамдарды киши санабаган Канат Исмаиловдун айрым  иритме иштерине токтоло кетели. Канат Исмаилов менен Мухаммедкалый Абулгазиевдин Көл жээгиндеги “Ак марал” пансионатында Абулгазиевдики ашыкча кооз, жыгачтан ширетиле жасалган (баасын ачык жазбай туралы) котеджи бар. Кайсыл акчаларга алынган? Мамлекеттик декларация толтурууда алардан ашык байкуш жок кыргыз жетекчилеринин мындай байлыктарын санаса сан жеткис. Маркум Жолдошбек Зарлыкбеков айтмакчы, кудайды карашса болбойбу? Байлык күткөнүнө ич күйдүлүгүбүз деле жок, болгону маңдай тер, ак эмгек менен болгонбу (?) деген суроо мээ терметет. Анан калса ашыкча мүлк күткөнүнө маашырланып, адамдарды ит ордуна көрбөй калган Канат Исмаилов сыяктуулардын жоруктарына ичибиз чыкпай турганы да жөн жеринен эмес. Канат Исмаиловдун калаадагы түнкүсүн жылаңач кыздар бийлеген “Арбат” диско клубунан тарта  ээлик кылган имараттарын санай турган болсок сан жеткис. Анан калса бир кездеги мамлекеттин балансында турган, мурдагы ИИМдин МАИ тармагына тийиштүү автоунааларды техникалык жарамдуулугун көзөмөлдөөчү жайды да сатып алгандыгы деле (мурдагы ИИМ башчысы М.Конгантиевдики делип келген)териштирүүлөргө алып бара турган иш экенин айтып койгубуз келет. Мунун арты деле бийликтеги “лөктөрдүн” кийлигишүүсү менен болбосо, ал жерди сатып алуу деле   ала бука жем жеген акыр эместир.

 Канат Исмаиловдун Көл тарапта  “Ак марал” пансинтаныдагы котеджинен тышкары жеке өзүнө таандык “Лазурный берег”, “Кош Көл” пансионаттары бар. Бул пансионаттар жаңыдан курулуп улам четинен сатылып жатыптыр. Кызыгы, Канат мырза ошол жерде иштеген 300гө жакын жумушчуну кулдай иштетип, акчасын бербей бушайманга салганы дегеле адамдык иш болбой жатканын айткан арызчылардын бар экендигинде. Ал турсун аларды адам ордуна көрбөй чор таман сыңары колдорун кармап учурашпай, колун тарта качкан жоруктары бир кездеги бай манаптын эрке уулунун акылсыз жоругуна окшош. Бул анын акактай тазалыгында эмес, байлыгына көпкөн көрпенделигинде болуп жүрбөсүн. Эми ал ар кимдин өз иши, кыялы. Бирок, биздин коомдо да манчыркап кутургандардын бар экени, алардын залалы кимдир бирөөлөрдү кылмышка түртүп жатканын айтып койгубуз келет.

Канат Исмаиловдун мындай аракеттери бир тең, башкасы да  бар болуп өз союздаштарын да таш имгизип талаага таштап, “аферисттик” жолдор менен да шугулданганы да айтылып келет. Алгач ишенимге кирип, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп акыры союздашы күнөөлүү болуп чыга келген бир-эки жоркутары айтылып калат. Алардын лам дегенин акчанын азгырыгына байланган балбан билек бир кездеги намыстуу жигиттерибизди айдактап, коркутуп жолго салаарын айткандар, баарын ичине батырып бугуп жүргөнүн уккан жайыбыз бар. “Караларды” каалагандай калчайм деген Канат мырза катыгүн кай жерге барып токтоор экен? Адам тагдырын оюнчук көрсө өзүнөн көрсүн. Кудай бар эмеспи.

Алардын айрымдары аз күндөрдө жарылаары белгилүү болууда. Өлкөнүн бийлигиндеги үчүнчү кишиге айланган М.Абулгазиевдин досу Канат Исмаиловдун калкты сыйлабас кадамдары адилеттик табабы же кудайдын көзү түз кара тамандардын арышы кулач жаябы? Анын ошол күндөрдөгү окуялардын соңунан кийинки учурларда баян кылалы.

Айзада Исмаилова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости