www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке талапкерлердин тобу БШКга кайрылды. Алар Садыр Жапаровду талапкер катары каттабоону талап кылып жатышат.
Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматтан отставкага кетип, андан кийин шайлоого катышса болмок», - дейт Ишенбай Кадырбеков. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында айтты.
Ишенбай Кадырбеков Конституциядагы 68-беренеге ылайык президенттин милдетин аткаруучу президенттик кызматка талапкер болууга жана шайлоо алдындагы иштерге катышууга укуктуу эместигин айтты.
«Юридикалык жактан туура эмес. Ал өзүнүн кызматтык милдетин токтото албайт. Президенттин милдетин аткаруу премьер-министрге калат. Эгерде ал президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр да болсо, анда ал президенттик шайлоого катыша албайт. Бул конституциялык норма», - деди И.Кадырбеков.
Булак: NazarNews.kg