www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке талапкерлердин тобу БШКга кайрылды. Алар Садыр Жапаровду талапкер катары каттабоону талап кылып жатышат. Бул маалыматты депутат Канат Исаев бүгүн, 9-декабрда Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, Конституциядагы талап боюнча бардык талапкерлер бирдей укукка, бирдей шартка ээ болушу керек. Баарында бирдей укук болушу үчүн президенттин милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албай турганын белгиледи.
«Тилекке каршы Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп эсептелет. Ал ыйгарым укуктарын өткөрүп берди. Бирок анда баары бир артыкчылык бар. Анын партиялашы УКМКнын башчысы [К.Ташиев жөнүндө] болсо, дагы бир партиялашы — башкы прокурор [К.Зулушев тууралуу]», - деди Исаев.
Булак: NazarNews.kg