www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-декабрь күнү экс-вице-премьер, профессор, педагогика илиминин доктору, тарых илиминин кандидаты Ишенгүл Болжурова эжекебиз 70 жашты багынтты. Куттуктоо сөзүбүздү айтып, ар дайым кыргыз интеллигенциясында туруктуу позициясынан кайтпай, азыркы жаштарга үлгү болуп жүрө беришин каалап, учурдан пайдаланып кыска кепке тарттык.
- Ишенгүл-айым, артка бир кылчайыңыз, сизге кайсы куракта жашооңуз кызыктуу өткөн?
- Ата-энеме аябай ыраазымын. Анткени, “төл башы” деп айтышчу. 12-декабрда Чыңгыз Айтматов, 19-декабрда Леонид Брежнев, 21-декабрда Иосиф Сталин, 28-декабрда Жусуп Абдрахманов төрөлүптүр, мен ушул “компанияда” экениме сыймыктанам.
Ал эми кайсы куракта жашоом кызыктуу өткөнүн айта турган болсом, МГУда окуп жүргөнүмдү кошумчалагым келет. Ал жерден интеллигенциянын тарбиясын алганга аябай тырыштым. Кичине эле бошой калсам, Чоң театрдагы опера-балет спекталдерине, классикалык музыкаларды угууга, атактуу музейлериндеги көргөзмөлөрүнө күн алыс барат элем.
Колдон колго өтчү китептерди окуп, анын ичинде бүткүл дүйнө адабияттары менен сугарылып, инсан катары калыптанууга мүмкүнчүлүк болду. 15 союздук республикадан тандалып алынган 35 аспиранттын ичинен биринчи болуп кандидаттыгымды жактаган кез эстен кетпейт.
Алгачкы балалуу болуп, “эне” макамына, андан кийин неберелүү болуп, “чоң эне” макамына жетишкеним да жашоомдун кызыктуу бөлүктөрүн толуктайт. Кийин иштеп калган учурда тарыхта калган инсандар менен жолукканда өтө чоң таасир калтырды.
Алсак, Кытай Компартиясынын биринчи катчысы Цзян Цзэминь, Индия президенти Раман Нарянан, Россия президенти Владимир Путин, Беларусь президенти Александр Лукашенко ж.б. менен жолукканда да чоң таасирлерин берген.
- Кайсы кейиштүү окуя азыркыга чейин эсинизден кетпейт?
- Алар көп эле болду. Тирүүлүктө башыбыздан жаман-жакшы өтө берет тура. Энемдин 63 жашында, атамдын 75 жашында күтүүсүздөн көз жумгандары кейиштүү окуяларымдын башында турат.
- Чоң эне неберелерди жаман көргөн учурлар болобу?
- Чоң эне үчүн небере бир башкача жагымдуу болот экен. Мен аларды жаман көрмөк тургай, жүрөгүм эзилип кеткиче жакшы көрөм. Мага азыркы жашоомо, өмүрүмө жаңы импульс берген энергия генератору катары кабылдайм. Аларга отуруп алып карт тарыхты айтып берсем, алар мага жаңы технологиялар жөнүндө божурашат, көрсөтүп беришет. Биздин үй-бүлөдө ХХ-кылымдын адамы менен XXI-кылымдын балдары ортосундагы байланыш ушундай...
Булак: Азия News гезити