www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы баш прокурор Аида Салянова камакка алынган Бакыт Калмаматов тууралуу пикирин жазып чыкты.
"Урматтуу достор!
Фейсбукка киргениме аз эле убакыт болду. Кудайыма миң мертебе ыраазымын! Буйруса ден-соолугум жакшы. Алгач Сиздер менен бир жакшы ой менен бөлүшүп амандашкым келген... Бирок бүгүн кишенделген Калмаматовду көрүп жүрөгүм эзилди. Эстедим. Милицияда, СИЗОдо, ИВСте иштеген жөнөкөй ини-сиңдилериме дагы бир жолу ыраазы болдум. Саясаттын оюну болуп жатканын билип, алар бийик адамдык сапаттары менен мамиле кылышат эле. Бакыттын туугандары ал жагынан камсана болбой эле койсоңуздар болот. Билесиздер, сотко санкцияга келгенде опер кызматкерлер мага жакын дагы басышкан эмес.
Адамды ак жеринен күйгүзүп кордук көргөзүү аброй алып келбесин бийлик жакшы билет. Анда эмнеге өзүңөргө өзүңөр чыккынчылык кылып жатасыңар!? Эмнеге өзүңөрдү мынча жек көрөсүңөр, сыйлабайсыңар, аябайсыңар?
Мындай кордукту көргөзүп элдин кыжырын козутуудан башка эмне пайда табасыңар? Бүгүн дагы кеч эмес. Катаны оңдосо болот. Балким, ошонун арты менен башка да каталар оңдолот. Үмүт пайда болот. Жаңылануу башталат...", - деп жазган Салянова.
Эске сала кетсек, Аида Салянова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында бир нече чыгаан саясатчыларды буюртма менен камакка алган. Алардын катарында алдыңкы сапта Нариман Түлеев турат. Бул тууралуу темага сөзсүз кайра кайрылабыз.
Булак: NazarNews.kg