www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ыйык Көл” мейманкананы ыймансыз, ырайымсыз ыпылас бийлик талкалатып жатат. Бул эмне деген наадандык жана пастык? Эмне деген душмандан дагы миң эсе өткөн чыккынчылык? Жалпы жумурай журтту басынткан басмачылык? Бул тарыхый архитектуралык имаратты азыркы арамза саткын бийлик курдурган эмес.
Мурунку муундагы асылдар каражатты аябастан элдин каражатына миң жылдык кылып салдырышкан. Бул абдан көрктүү имаратты шашылып жанталашып бузуп, бүлдүрүп жаткандар эч нерседен уялышпайт экен. Элдин каарынан, каргышынан дагы сестенип коркушпайт экен. Мындай вандалдык мамиле тарыхый курулуштарга чектен чыккан душмандык. Өткөн чактагы совет доорундагы залкарларды, Турдакун Усубалиев, Султан Ибраимов сыяктуу мамлекеттин башында тургандардын арбайын тебелеп тепсегендик. Кадырлуу калайык калк, бул эмне деген акмактык, наадандык.
Учурунда “Ала Тоо” тарыхый мейманканасын да ушинтип талкалап жок кылышкан, абдан кооз Сталиндин доорунда салынган имарат эле. Андан кийин архитектуралык жагынан, улуттук колорит менен салынган “Нарын” ресторанын дагы талкалап жок кылышты.
Урматтуу эл журт, биздин кечээки гүлдөп-өркүндөп өсүп тургандагы курулуштарды азыркы амалкөй айлакер ач көз бийлик каратып туруп жок кылып жатышат. Маңкурттардын саткындардын кылмыштарына каршы чыкпасак, бизди жалпыбызды оптом сатып жибергени жатышат. Эртең биз өз жерибизде, элибизде барксыз кулдарга айланып калабыз. Келгиле биригели, келечегибизди сактап калалык.
Мелис Арыпбек, журналист
Булак: NazarNews.kg