www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр жана Акылбек Жапаровдор салыкты мол жыйнадык деп жатат. Айрымдар муну ишенич жаратпаган, кургак сандар катары да баалап жатат. Бирок кээ бир фактыларга токтолсок, салыкты топтоонун жакшырышы же жолго коюлушу мындан эки жыл мурун башталганын байкоого болот.
2020-жылы Сооронбай Жээнбековдун тушунда күйүүчү май салыгын толук жыйноо максатында, май куюучу жайларга салык төлөөнүн автоматташтырылган системасы киргизиле баштаган. Бул жерде ал кездеги башкы салыкчы Кабыл Абдалиевдин эмгеги, аракети чоң болгон. Мына ошол 2021-жылы натыйжасын берди.
Карап көрүңүз. Эгерде 2020-жылы мунай саткан компаниялар төлөгөн салыктын көлөмү 6.5 млрд сом болсо, быйыл 11 айда 9.4 млрд сомго жетип, 3 млрд сомго көбөйгөн.
Туура, 2020-жылы күйүүчү май аз сатылган. Коронавируска байланыштуу баардык жолдор жабылып, эл эч кайда чыкпай, үйүндө отуруп калган. Бул фактор да күйүүчү майдан салыктын аз топтолушуна таасирин тийгизген. Анткени, 2019-жылы мунай компаниялар 7.43 млрд сом салык төлөгөн. Бул 2020-жылга караганда 1 млрд сомго көп.
Анан эң башкысы - баалар. 2019-20-жылдары күйүүчү май азыркыдан эки эсе арзан болгон. 2021-жылы күйүүчү май дээрлик эки эсе кымбаттады. Демек, салыктын өлчөмү да эки эсе көбөйүш керек эле...
Манас аба майданында кирешенин көбөйүшүн да быйылкы жылы Ош, Манас аба майданынан Орусияга карай эмгек мигранттарынын массалык түрдө учуусу менен түшүндүрсө болот. 2020-жылы эч ким эч кайда учкан эмес. Баары жабык болгон. Ошого жараша аба майдандардын жалпы эле дүйнөдө кирешеси кескин кыскарган...
Мына ушул сыяктуу айрым факторлор салыктын көбүрөөк жыйналышына өбөлгө түздү. Ал эми жалпы экономикадагы абал оор бойдон. Ошон үчүн бир вице-премьер-министр "дно" же "төмөндөөнүн түпкүрүнө жете элекпиз" деп чындыкты аргасыз моюндап олтурат...
Айданбек Акматов, эркин журналист