www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талкууга алынган мейманкана тууралуу саясатчы Эмилбек Каптагаев өз пикирин билдирди.
"Негизи, бул имарат деле эскилиги жетип, иштен чыгып калган эмес эле. Учурунда жымырып кетебиз деп үлгүрбөй калышкан, кийин деле ошондой аракеттер көп эле жолу болгону чындык. Азыр деле ал жерде оорукана деле жайгашса татынакай жарашмак, же болбосо кары-картаңдар үчүн пансион деле жасап койсо болмок дечи.
Эми "болоору болду, бойоосу канды" дегендей, чечим кабыл алынып, бузуу иштери башталып калгандан кийин жер тепкилеп, андан дагы саясат жасай бериштин кереги жок го дейм. Бул чечим деле оңойго турган жок болуусу керек, ары-бери жагын эсептеп, ойлонгондон улам ушундай тыянакка келишти да.
Ал жерде мамлекеттик органдар үчүн кеңсе салынат деп жатышат. Менин оюмча, ал жакта президент, анын түз жоопкерчилигинде болгон министирлер кабинети, анын администрациясы, иш башкармалыгы, ар кандай улуттук комиссия жана агенттиктер, Улуттук стратегиялык изилдөө институту жайгашканы туура болот. Бардыгы баткандай чоң жана кенен салынганы максатка ылайык. Ошондой эле, эл аралык деңгээлдеги жолугушуу, конференцияларды өткөрүүчү залдар дагы болгону максатка ылайык.
Менин оюмча, азыркы президент отурган өкмөт үйүнө Бишкек мэриясын көчүрүп, ал эми мэрия турган имаратка Маданият министирлигин алып баруу туура болот, азыркы кичине имаратта тыгылыштырбай, ошондо маданияттын дагы мааниси көрүнө түшөт го дейм", - дейт Каптагаев.
Эске сала кетсек, каражатты рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынган.
Президенттин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, ал мейманканага эч ким инвестиция салбагандыктан бузулуп жатканы айтылган. "Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы курулуп, 2007-жылдан тарта колдонулбай калган.
Булак: NazarNews.kg