www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан камакка алынган Бактыбек Калмаматов «Азаттык» партиясындагы Ахмат Келдибеков, Исмаил Исаков, Жылдыз Жолдошова жана «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берип жатканы белгилүү болду.

Калмаматовдун айтымында, ал тарабынан айтылган ар бир сөз жана ар бир аракет, интервьюлардын баары Ахмат Келдибеков жана Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков менен макулдашылып, ушул саясатчылардын көрсөтмөсүнүн негизинде жасалган. Калмаматовду маалыматтык колдоо жагы Текебаев менен Келдибековго караштуу ЖМКлар тарабынан жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, интернет айдыңында атайын фейк топтору түзүлүп, каржыланып турган.

Калмаматов бардык аракеттер пландын негизинде, тынымсыз макулдашуулар менен коштолгон. Башкы максат, бийликти каралоо менен, эл арасында нараазычылыктарды күчөтүү, бийликти дискредитация кылып, массалык башалмандыктарды уюштуруу болгон. Бийликти күч менен кулатуу планы иштелип чыккан.

Калмаматов бул планды ишке ашыруунун артында Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү бир топ саясатчылар турганын, алар көшөгө артында аган ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатканын ачыктаган. Бакытбек Калмаматовго мамлекеттеги эң чоң кызматтардын бири берилээри убадаланганын кошумчалайт.

Маалымат булагынын айтымында, жакынкы күндөрү Калмаматовдун көрсөтмөлөрүнүн негизинде, дагы бир топ саясатчыларга кылмыш иши козголуп, камакка алынат.

Оппозициячыл жаш саясатчы Бактыбек Калмаматовдун жыйырма тарапташына ИИМ тарабынан кылмыш иши козголуп, аял-эркек дебей четинен суракка чакырылып жатат. Алардын арасында сот өкүмү чыгарылган күнү унаа сүзүп кеткен бир тууган карындашынын кайын энеси да бар.

Бул тууралуу Калмаматовдун адвокаты М.Камчыбекова ua.kg сайтына билдирген.

«Бактыбек Калмаматовдун жыйырма тарапташына ИИМ тарабынан кылмыш иши козголуп, аял-эркек, жаш-кары дебей четинен суракка чакырып жатышат. Ошол күнү бутун унаа тепсеп кеткен Калмаматовдун бир тууган карындашынын кайын энесин Сокулуктагы үйүнөн барып суракка алып кетишиптир», - деген жактоочу.

Эске салсак, саясатчы Бактыбек Калмаматовду УКМК «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Калмаматовду 9-февралга чейин камоо чечимин кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости