www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Орусияга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышуу үчүн 28-январда Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат бар.

Жолугушууга Армения, Азербайжан, Беларус, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын президенттери катышат. Мейман катары Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин да келери күтүлүүдө. Бейформал саммит орус президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өткөнү жатат.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги СССР таркаган соң эгемендүү мамлекеттердин келишимдеринин негизинде түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости