www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасынын алкагында 1-октябрга карата 1 миң 981 ишкерге 2 млрд 533 млн 82 миң сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

Каржы министрлиги тарабынан аталган программанын алкагында ишкерлерге насыя берүү үчүн 13 коммерциялык банкка 3 млрд 794 млн 40 миң сом берилген. Учурда 1 миң 981 ишкер 2 млрд 533 млн 82 миң сом насыя алган.

Аймактар боюнча:

- Бишкек шаарында 118 ишкерге 617 млн 933 миң сом;

- Ош шаарында 44 ишкерге 128 млн 20 миң сом;

- Чүй облусунда 398 ишкерге 429 млн 290 миң сом;

- Ош облусунда 265 ишкерге 212 млн 849 миң сом;

- Ысык-Көл облусунда 274 ишкерге 298 млн 835 миң сом;

- Нарын облусунда 172 ишкерге 179 млн 145 миң сом;

- Жалал-Абад облусунда 417 ишкерге 342 млн 473 миң сом;

- Талас облусунда 157 ишкерге 219 млн 170 миң сом;

- Баткен облусунда 136 ишкерге 105 млн 367 миң сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости