www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Карабах армян  баскынчылыгынан  бошотулганга чейин күрөштүн  улантыларын билдирди. Бул тууралуу ТРТ басылмасы жазды.

Кония оорукана шаарчасынын ачылыш аземинде сүйлөгөн президент Эрдоган Армениянын Карабах маселеси чечилбестен кайрадан кол салганын, бирок бул жолу күтүлбөгөн натыйжага туш болгонун айтты.

Бир тууган Азербайжандын Карабахты куткаруу үчүн чоң кыймыл баштаганын жана ушул убакка чейин ийгиликтүү бара жаткан Азербайжан армиясынын көптөгөн жерлерди баскынчылыктан куткаргандыгын белгилеген Эрдоган : «Биз бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз жана жүрөгүбүз менен дос жана боордош Азербайжандын жанында болобуз. Бул күрөш Карабах баскынчылардан бошотулганга чейин уланат", - деди.

Президент  Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуяларга да токтолуп, Түркиянын Ливия келишими менен Жер Ортолук деңиздин негизги бөлүгүнүн мыйзамдуу иш - аракеттерге айландыргандыгын айтты.

"Сириядан Жер Ортолук деңизинен Кавказга чейинки кризистик кырдаал бириктирилгенде ортого чыккан картина Түркияны  курчоого алуу болуп чыгууда",-  деди. Эрдоган, Түркиянын бүтүндүгү жана түрк улутунун биримдиги, мамлекеттин күчүн сактап калуу менен бирге бул курчоону жаар турган кадамдарды турмушка ашырышкандарын билдирди.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости