www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы бизнес өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргогон ассоциация жана бирикмелер «Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө» мыйзамдын шашылыш кабыл алынышы боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Алар Министрлер кабинетинин бул демилгеси мыйзамга ылайык коомдук талкуудан өтпөгөнүн, анын кандай кесепеттери болору тууралуу талдоо жүргүзүлбөгөнүн белгилейт. Муну менен мыйзамдын демилгечиси болгон Министрлер кабинети жарандардын укуктарын жана мыйзамды бузууда.

Бизнес-акыйкатчы, бизнес коомчулук, орто жана чакан ишкерчиликтин өкүлдөрү аталган мыйзамга талдоо жүргүзүп, анда бир катар кемчиликтерди таап чыгышкан: Конституцияга каршы келгенден баштап, концепциясындагы кемчиликтер.

Мыйзамдын күчүнө кириши менен Министрлер кабинети аткаруу органдарына таандык болбогон ыйгарым укуктарга ээ болот. Маселен, мыйзамга ылайык Министрлер кабинетине салык жана жыйымдардын өлчөмүн өзгөртүүгө укук берилет. Ошол эле учурда Конституцияга ылайык Министрлер кабинети мыйзам чыгарган орган эмес.

Кайрылууда аталган мыйзам президенттин бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлерди колдоо жана алардын кызыкчылыгын, укугун коргоо үчүн жакшы шарттарды түзүү тууралуу чечимдерине каршы келери белгиленет.

Экономика тармагынын өкүлдөрү бул мыйзам коом үчүн кооптуу, экономикага зыян алып келе турган, бизнес өкүлдөрүнүн ишеничин туудурбаган, коомдук-саясий туруктуулукту буза турган демилге катары баалайт. Буга байланыштуу алар президенттен аталган мыйзамды артка кайтарууну суранат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш «Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө» мыйзамды 29-июлда бир күндө үч окууда кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости