www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын түндүгүндө жайгашкан Кундуз шаарындагы стратегиялык мааниси бар аэропорт бир нече күндөн берки айыгышкан салгылаштардан кийин талибдердин колуна өттү.

Ошол эле кезде провинциясынын борбору Кундуз шаары 11-августта алынып, толугу менен “Талибанга” карап калганы кабарланууда. Талибдер менен кармаштардан жеңилип, шаарды бошотуп берген өкмөттүк күчтөр ушул эле провинциядагы Алиабад аймагына чегинген.

“Талибандын” өкүлү Забиулла Мужахид "Твиттерге" жоочулар тобу аэропортту толугу менен ээлегенин жазып, ооган армиясынын айрым бөлүктөрү багынып бергенин белгиледи. Ошондой эле, “аскерлер жоочуларга кошулуп жатат” деген видео тасманы жарыялады.

Кундуздагы жергиликтүү кеңештин депутаты Амруддин Вали бул маалыматты ырастап, шаардын бир топ бөлүгү ээленип, аэропорттогу салгылаштан чегинген ооган аскерлери курал-жарагы менен жоочуларга кошулуп кеткенин билдирди.

Буга чейин талибдер 11-августка караган түнү Ооганстандын түндүгүндөгү Файзабад менен Пули-Хумри шаарларын басып алганы кабарланган. Ошону менен “Талибан” өлкөнүн 34 аймактык борборунун тогузуна көзөмөл орнотту.

Талибдер тездик менен чабуул коюп, 6-августтан бери Кундуз, Сар-э Поль, Талокан, Заранж жана Шеберган шаарларын ээлегени маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости