www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык белгилүү блогер Илья Варламов акыркы кездеги Кыргызстанда орус тилдүү жарандар менен болгон окуяларга байланыштуу айтылып жаткан сөздөр боюнча пикирин жазды. Ал бул тууралуу пикирин телеграм-каналына жазып чыкты.

Ал нааразы болуп жаткан адамдар тез арада чара көрүүнү, орус калкын коргоону талап кылып жатканын белгилеп, ошол эле учурда «Россиянын өзүндө жагдай кандай?» деген суроо салган.

«Мен улутчул адамдарды жактырбайм, кыргыз, казак, орус болбосун. Орустар кайсы жерде болсо да өзүн коопсуз сезип, орус тилинде сүйлөгөнү үчүн эч ким сөз айтпашын каалайм. Ошол эле учурда, биз орустарга мекенинде жакшы мамиле кылуусун каалагандай эле кыргыз, өзбек, казактар Россияда өзүн ыңгайлуу сезишин каалайм», — деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости