www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Жириновский тышкы иштерди ички саясаты үчүн заматта колдонгонду абдан мыкты өздөштүргөн. Мындай пикирди саясат таануучу Алмазбек Акматалиев айтты.  

--"Владимир Жириновский деген бир Оруссиянын депутаты бар, бүт 30 жылдык саясатын орус тилдүүлөрдү коргомуш этүүсүнө негиздейт. Өзү окең болсо такыр эле кууратмак окшойт. 

Чоң саясатчы, кыйтыр саясатчы. Тышкы иштерди ички саясаты үчүн заматта колдонгонду абдан мыкты өздөштүргөн. Азыр деле ошол максатты көздөп, катуу балп этип алыптыр. Эртең мындай темаларды башка мамлекеттерден да таап чыгып, мындан артык да буркан-шаркан түшөт, айтты-айтпады дебегиле... Себеби бир эле алардын улуттук шайлоолору жакындап келе жатат. Өчүп бараткан, түтөп бараткан отко кичине отун таштап, солярка чачып турбаса ал чоң саясатчы болбой калсын. 

Биздин элчи менен сүйлөшкөндө кичине жоошуп калыптыр бул итибай. Айла жок марага жетиш үчүн ар кандай ыкмалар колдоно берилет", - дейт Акматалиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости