www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкерлерди текшерүү күчөдү

Коррупцияга каршы күрөш деген шылтоо менен Кыргызстанда ири инвесторлорду жана ишкерлерди текшерүүлөр күчөп, кошумча төлөм өндүрүү аракети болуп жатканын 17-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков айтып чыкты. Бул туурасында ал: «Биз коррупция менен күрөштү колдойбуз. Коррупция кызматтык кылмыш катары саналат. Бирок бул курөштүн алкагында бизнестен кошумча төлөмдөрдү өндүрүү туура эмес. Азыр бюджетке миллиондорду өндүрөбүз деп келечектеги миллиарддардан кол жуушубуз мүмкүн. Көптөгөн ири инвесторлор Кыргызстандан кетүүгө камынып жатышат. Учурда тоокен тармаганда эл аралык компания калбай калды», - деп билдирип, Кыргызстандын эл аралык экономикалык рейтингдерде позициясы төмөндөп кеткенин да кошумчалады. Кыскасы, бийликтин бет чүмбөтүн сыйрыды.

Булак: "Фабула"

Последние новости