www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы кездери соцтармактарда жашыруун атка жашынгандар менен ЖКдагы популист депутаттардын айрымдары саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди каралаган сөздөрүн жаадырышууда. Алсак, кечээ жакында өзүлөрүн укмуш элестеткен активисттер өлкөдө дары-дармектин тартыштыгы жаралганын жар салып чыгышты. Алардын бул кадамы коомчулуктун нааразычылыгын жаратуу максатында жасалганы апендиге деле маалым болуп калды.
Анткени, Кыргызстандын фармацевтикалык биримдигинин жетекчиси Космос Чолпонбаев бул боюнча үн катып: “Кыргызстандагы абалды туруксуздаштырууну көздөгөн кээ бир жармач активисттер ишендирип жаткандай дары-дармектин жетишсиздиги жалган жана андай болбойт. Дары-дармек жетиштүү көлөмдө бар”, - деген кебин айтты.
Андыктан, бул иштердин артында чоң саясат жатат. Дегеним, Талантбек мырзанын саламаттыкты сактоо тармагындагы жүргүзүп жаткан реформасы кээ бирлердин сол чөнтөгүнө залакасын тийгизүүдө. Мындан улам, алар арам жол менен тапкан акча булагынан айрылып калбашы үчүн айдама активисттерден тарта, ЖКнын популист депутаттарын ортого салышып, министрибизди каралап, эптеп иштен алуунун айласын кылушууда.
Не дейбиз, кара ниеттердин тилеги таш капсын, ал эми Талантбек мырзага болсо кыргыз элинин канын соруп жаткан бул тармактагы ач көздөрдү тизелетүүгө жараткан өзү күч-кубат беришин тилейли.
Булак: Эгемен