www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук Кеңештин жыйынын өткөрүп, анда коррупцияга каршы күрөштү кабыргасынан койду (Атамбаев ооздуктадым деген эле?!). Коррупциянын жайылышына ал биринчи кезекте тартип коргоо органдарын айыптады.

Тартип коргоо органдарында болсо Жээнбековду президенттикке алып келген досу Атамбаевдин кадрлары отурат.  Маселен,  УКМКаны Абдил Сегизбаев, АКСти Дүйшөнбек Чоткараев, ИИМди Атамбаевдин мурунку жансакчысы Улан Исраилов, Башкы прокуратураны Индира Жолдубаева “мыкчып” турат…

Коопсуздук Кеңештин жыйынында дал ушул органдарга көп сын айтылды. Бул органдар коррупцияга малынган деп бааланды. Коррупциянын жайылуусу боюнча Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136 орунду ээлегени далил катары келтирилди.

Демек, Атамбаевдин коррупцияны талкаладык деп көкүрөк какканы түккө турбаган нерсе экени аныкталды.

Сооронбай Жээнбеков кадр саясатына өзгөчө көңүл бурууну атады. Бул маселени абдан тез чечебиз деди. Демек, жакынкы күндөрү  Чоткараев креслосу менен кош айтышат. Андан ары кезеги менен улана берет…

Бирок да бул Атамбаев менен  карама-каршылыкты жаратуу ыктымалы менен опурталдуу. Эгерде Жээнбеков Сегизбаев, Исраилов, Жолдубаеваларды айдоого батынса, анда Атамбаев жөн отуруп калбайт… Ага анын чыдашы кыйын. Анткени Атамбаевдин кадрларын бошотуу Жээнбековдун өзүнүн кадрларын алып келүү жана Атамбаев көзөмөлүнөн чыгуу аракети катары бааланат. Демек, ошого жараша реакция болот…

Жээнбеков-Атамбаев карама-каршылыгы сот маселесинде да келип чыкчудай болуп турат. Жээнбеков сот бийлигин кескин айыптап, алар адам тагдырлары менен аесуз ойноп жатат деди. Президент ага мисал катары, тергөө абактарында айлап-жылдап иштер каралбай жатканын, андан камалгандар, алардын үй-бүлөлөрү жабыр тартып жатканын атады.

Бул мисал, саясий туткун Бектур Асанов, Кубан Кадыров жана Эрнест Карыбековдун соттук ишин көзгө тартат. Алардын иши 2016-жылдан бери бүтпөй келатат. Өткөн жылы райондук сот чечим чыгарган, бирок шаардык соттун чечими чыкпай келатат. Шаардык соттун чечиминен кийин гана соттун чечими күчүнө кирип, айыпталуучу жаза мөөнөтүн аткарууга жөнөтүлөт эмеспи. Булардын иши болсо аягына чыгарылбай арасат жолдо калып келатат.

Сот жана УКМКанын мындай өз билемдигине чыдабаган январь айынын соңку күнү Асанов, Кадыров жана Карыбеков кургак ачкачылык жарыялашкан. Абалдары оор экени айтылган.

Бул үч саясатчы Атамбаев мезгилинде эч кандай далилсиз кармалып, камалган. Ошондуктан укук коргоочулар аларга саясий туткун деген статус берген. Бийлик болсо алар мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык көргөн деп айыптап келатат…

Кандай болгон күндө да Сооронбай Жээнбековдун 8-февралдагы сотторго айткан сөзүндө мына ушул саясатчылардын тагдыры, аларга карата жасалып жаткан мамиле да жатат…

Президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбеков менен Бектур Асановдун жакындары жолугушуп, Асановдун ишин адилет карап берүүнү өтүнгөн. Жээнбеков ага убада берип, ал эмес Асановдун бошотулуш ыктымалдыгын да айтканы айтылып келет…

Жээнбековдун ишаарасы менен Асанов, Кадыров абактан чыгарылса, бул Атамбаевдин “безине” тийиши мүмкүн. Ошондуктан бул жерде да эки достун кастыгы пайда болушу ыктымал…

Атамбаев доорунда криминалдык төбөлдөр сый менен узатылып, башкалары эркиндикке чыгарылып, кылмыш дүйнөсү “жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат” дегендей абалда жүрүп калды. Алар Атамбаев мезгилинде болуп көрбөгөндөй тайраңдады жана тайраңдап жатат…

Наркобизнес да болуп көрбөгөндөй гүлдөгөнүн Жээнбеков моюндады. ИИМ ага күрөшкө жөндөмсүз болуп чыкты. Тескерисинче, наркобизнесте алар өздөрү аралашып кеткени учурлар көп.

Булардын баары Атамбаевдин мурасы. Аны менен досу күрөшөм деп чыкты…

Булак: Элньюс

Последние новости