www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Искендер Гаипкулов "NazarNews"  маалымат агенттигине кудасы  Мелис Мырзакматов жана Ат-Башыда курулбай калган логистикалык борбор тууралуу маек курду.

Мелис Мырзакматов менен байланыштабыз. Анткени ал менин кан кудам. Биринчиден тууганча мамиледе байланышабыз, балдардын келечеги дагы башка маселелерди сүйлөшөбүз. Саясат боюнча партияда чогуу саясий кеңеш менен иш кылабыз. Мырзакматовдун иши Жогорку Сотто каралып атат, кийинки процесси 25-мартка жылдырылды.

Мырзакматовго кылмыш иши козголгон учурда 18 адамга иш козголгон. Бирок алардын баардыгы Жогорку Сотто акталып, өздөрүнүн жумуш орундарында иштеп жүрүшөт. Ошондуктан Жогорку Сот ишти адилеттүү карап актап чыгат деген үмүтүбүз бар. Акталып келет деген ой бар.

Ал эми логистикалык борбор тууралуу айтсам бул - ачык-айкын эле жүргүзүлгөн иш болгон. Эки мамлекеттин ортосунда келишим бар үчүн, мамлекеттик деңгээлде, Өкмөт тарабынан каралган. Премьер-министр өзү барып элге жарыялап, капсула салып ачык-айкын жасалган иш. Кыргыздар көнүп калгандай эле мамлекеттик иш-чараларды кандайдыр бир түшүнүксүз иштерди жүргүзүп жатышат. Эл логистикалык борбор курулбасын деп чечим кабыл алды. Кытай тараптагы компания келишимден баш тартып жатат. Себеби борборго ушул күнгө чейинки кеткен акчаны кайтарып бергиле биз курбайбыз деп коюшту. Тагыраагы инвесторду коркутуп кетирип салышты. Эмне үчүн өткөрөт эми?

Башкача айтканда бул бийликке болгон каршы үчүнчү күчтөрдүн уюштуруп жаткан жумушу болуп атат. Ачык-айкын эле көрүнүп турат. Өткөн жумада Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын райондоруна барып келдик. Элдин эч нерсе менен иши жок, Ат-Башыда эмне болуп атканын билишпейт экен. Айылдык кеңештин депутаттары менен дагы сүйлөштүк. Кытайды киргизбесек анда кимдер менен мамиле кылышыбыз керек? Кытайлар келишимден баш тарткандан кийин, 2-мартта митингге чыгууга негиз жок. Эл митингдерди адат кылып алышты. Ал жака чыккан адамдарга бул нерсе профессия сыяктуу болуп калды, акчага сатылышат. Ошондуктан логистикалык борбор курулабы, курулбайбы белгисиз бойдон кала берди. Менин оюмча бул боюнча элге толук, жеткиликтүү маалымат берилген эмес,-дейт депутат Искендер Гаипкулов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости