www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Искендер Матраимов өзгөчө кырдаал шартында банктардан алган насыяларын төлөөдөн кыйналып жаткан шайлоочулардан суроо көп болуп жатканын билдирди.

Депутат насыяны, үстөк пайыздарды төлөө боюнча Улуттук банктын жана башка коммерциялык банктардын жетекчилери келип, толук маалымат берүүсүн талап кылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну колдоду.

Эске сала кетсек, 28-апрелде Коопсуздук кеңеши аталган аймактарда ӨА режимин 10-майга чейин узартуу чечимин кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости