www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6 миңден ашык медицина дарыгери коронавируска каршы күрөшүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

"Коронавируска каршы күрөшүүгө күч жетиштүү. 103 эпидемиялык бригада иштеп жатат. Вируска каршы күрөшүү үчүн бюджеттен 700 миллион сом бөлдүк. 500 миллион сом Саламаттыкты сактоо министрлигине жумшалды.

Бүгүнкү күнү коргоочу костюмдар жетиштүү. Бет кап боюнча маселе жок. Ишкерлер, демөөрчү болгондор бет кап боюнча көйгөйдү чечип беришти. Аларга ыраазычылык билдиребиз", - деди Абылгазиев.
Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости