www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы кырдаалга байланыштуу “Исмаил Матраимов” атындагы кайрымдуулук фонду Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Шамалды-Сай шаарчаларына жана Аксы районуна караштуу айыл өкмөттөрүнө ун таратты.  Кечээ, 29-мартта Баткен облусуна азык-түлүк түрүндө жөнөтүлгөн жардамдар, ар бир район жана шаарларга жеткирилди. Жергиликтүү бийликтин каттоосунда турган – аз камсыз болгон үй-бүлө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж калктын катмарына жардамдар таратылып берилген.

Буга чейин дагы “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду COVID-19 вирусун жоюуга каршы, коомчулукка, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттерди беришкен. Ошондой эле, 21-марттан тарта Кыргызстандын бир нече аймактарына 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган аймактарга таратыла баштагандыгын коомчулукка жарыялаган.

Кечээ, 29-мартта COVID-19 илдетин аныктоочу 10 000 экспресс-тест фондго келип түшкөн. Алар гуманитардык линия аркылуу Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына берилди. Жакынкы арада дагы 10 000 тест келиши күтүлүүдө.

--Жагымдуу жаӊылык, иним Райымбек Матраимов дагы 10 стационардык жасалма дем алдыруучу жабдыктарды алып келүүгө буюртма берди. Алар өлкөдөгү ооруканалардын жандандыруучу бөлүмдөрүнө берилет. Фонддун волонтерлору аппараттарды сатып алууга 2 жума убакыт коротушту. Алдыда комплектация, инструктаж жана эксплуатация сыяктуу оӊой эмес жумуштар күтүп турат. Жакынкы күндөрү бардык аппараттарды жеткирип орнотуп беребиз деген үмүттөбүз. Алынып келинген бардык жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигине короновирус менен күрөшүүгө бекер өткөрүлүп берилет», - деди Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов.

--Таажы ылаӊы Кыргызстанда катталган алгачкы күндөрү эл дүрбөлөӊгө түштү. Аптекалардан тийешелүү дары-дармектер, айрыкча бет каптарды табуу кыйынга турду. Ошол маалда Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду элге бет кап таратуу боюнча демилгени колго алып, сатып алууну максат кылдык. Бирок, биз болжогондой бет капты дароо таба алган жокпуз. Таратуу үчүн алган бет каптар жетишсиз болгондуктан, жергиликтүү тигүү цехтерине дагы кайрылып, алардан - стандартка жооп бере тургандай тигип берүү өтүнүчү менен кайрылуу кылганбыз. Бир апта мурда, фонд Кыргызстандагы карантиндик аймактарга акысыз таратуу максатында, 5 млн сомго жергиликтүү өндүрүштөгү медициналык маскаларды алууга сынак жарыялаган. Жергиликтүү тигүү цехтеринен 500дөн ашык сунуштарды кабыл алып, Ош жана Бишкек шаарлардындагы эки өндүрүш тандалып алынган. Фонд жалпы суммасы 4 280 000 сомго, 240 000 маска алып, калган 720 000 сомду ИВЛ жабдыктарын сатып алууга кошуу чечимин кабыл алды.

Бүгүнкү күндө, фонд Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында маскаларды таратууга жетишти. Калган аймактарга таратуу 2020-жылдын 30-мартына чейин улантылат. Биздин гана эмес, дүйнө элинин башына сыноо келип турган чакта, жиберилген жардамдарды тийешелүү адамдарга таратып, калыс бөлүштүрүп берүүгө салым кошкон биздин волонтерлорго, жергиликтүү мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдиребиз, - деди депутат Матраимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости