www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына учурдагы кырдаал боюнча билдирүү жазып чыкты.

“Чындыгында төмөнкүдөй деңгээлде болуп калгандыгыбыз реалдуу жашоодогу ачуу чындык.
Чыныгы жашоонун принциптерин бузгандыбыз анык. Тооба келтирип, өз жашооңорду иреттегиле деген ЭСКЕРТҮҮ болду окшойт.
Тооба кылалы, шүгүр келтирели жакшыларым”.

Жакшы бир мен сыйлаган адам мага жөнөтүптүр. Окуп алып таасирлендим. Анча,мынча кошумчалап сиздерге жеткизүүнү туура көрдүм. Анда эмесе көңүл бөлүп окугула.

1. Үйдөн тамак жебей, кафеден кафе тандап, кафелерден тамактанып калганбыз (Тамакты бышырып эле жеп калдык).

2. Нан жаппай калганбыз. Нандын түрүн тандап ( Нан жаап эле жеп жатабыз).

3. Ресторан тандап, тойлордон чыкпай калганбыз..( Тойсуз эле жашап жатабыз).

4.Үйдө конок тоспой калганбыз (Кошуналар менен учураша албай калдык).

5. Кафе, чайкана тандап, конокту үйдөн тоспой калганбыз..(Үйгө деле чакыра албай калдык).

6. Балдарыбызга да көңүл бөлбөй калганбыз ( Бир дасторконго топтолуп отуруп,чай ичип калдык).

7. Ысырапкерчиликке көңүл бурбай, тамактын түрүн тандап, эскире түшсө нанды баш кылып, ыргытып калганбыз (Тамак ашты экономдоп эле пайдаланып калдык).

8. Акча үчүн жан уруп алайын эле деп калганбыз(Соода кылбай, иштебей үйдө олтуруп эле калдык).

9. Өлбөчүдөй, көзүбүз тойбой жашап калганбыз. ( Өлбөйүн деп, жанталашып үйдөн чыкпай, сактанып, олтуруп калдык)

10. Кийимден кийим тандап, ар бир тойго жаңы көйнөк, жаңы кийим сатып алып кийип калганбыз (Кийим эсиңе келбей, спортивный, халат менен үйдө олтуруп калдык)

11. Аял эркекке үстөмдүк кылып, башкарып, тыйын эсептеп, кожоюнчулук кылып калган ( “Эптеп сактаналы, сен аман болсоң эле болду, түгөл бололу” деп дасторкондо тилек кылып калдык)

12. Тууган урук эсиңе келбей,  дүнүйө, өз жашооң  деп, жанталашып түбү жок дүнүйөнүн артынан чуркап калдык эле же жалганбы?(Тууган уруктан телефондон ал абалын сурап, үйдө олтуруп калдык).

13. Уулуң атаңлы укпай, кызың энесин укпай калган. Ишим бар деп, туурасынан басып кетип,басып калган (Топтолуп, сүзүшүп отуруп калдык).

14. Кыздарың жарым жылаңач болуп, айтканды укпай, эс алуучу жайлардан чыкпай түндөсү кафе, ресторан, караоке деп басып калган. Балдарың таң атканда келип, же таптакыр келбей тентип калган ( Көзүбүздү жылтыратып эле топтолуп,сүйлөшүп,отуруп калдык,аман калалы деп).

15. Бирөөнүн жакшылыгын көргүбүз келбей, жамандыгын изилдеп, кемчилдигин аңдып калганбыз(Жакшы сөз айткан адамга,рахмат аман бол деп калдык телефондон).

16. Үй салып, үй тойду үйдө өткөрүп, бата албай, үй тойду ресторан кафеде өткөрүп, алган баталар кафе ресторандын төрт дубалында калып, батадан кабар жок үйгө келип калганбыз( Үйүбүздүн төрт дубалын тиктеп, көз ачып жумганча отуруп калдык,"Үйгө бата алдым беле" -деп ,ойлонуп)

17. Кыз узатуу, бала үйлөнтүү, сүнөт той, бешик той, тушоо кести, юбилейлик тойлорду, кала берсе куран окутканды да үйдөн өткөрбөй, ресторанда куран окутуп, окуткан куран, алган баталарың талаада калып, үйгө кур жалак келип олтуруп калганбыз ( Мына үйдө бир ай олтуруп, бата алуу, куран окутуу үйдө өткөрүү туура болорун ойлонгула).

18. Той өткөрүү, куран окутууда тамак аштын ысырапкерчилиги бири- биринен айырмасы жок болуп калган. Төгүн чачын, дасторкондун бети дүр дүнүйөгө толуп, ысырап болуп калган ( Ун талашып, азык-түлүк талашып, эки күн болбой ач калдым дегендер чыгып калды).

Айта берсең жүрүм-турум эрежелери бузулган мисалдар чексиз.

Жогоркулардын баарына Жараткан Алладан бизге эскертүү болдуго. Же жалганбы? Андыктан ойлонуп көргүлө! Эсибизге келели! Ыйманга, ынсапка келели! Ата бабабыздын улуттук баалуулуктары менен, жашаганга үмүт арталы! Тооба,т ооба, чексиз тооба келтирели!”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости