www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Твитердеги баракчасына Британиядан кеткен ханзаада Гарри жана жубайы Меган Марклга катуу кайрылды.

Ал Твитер баракчасына ханыша Елизавета IIнин жакындарынын коопсуздугу үчүн акча төлөбөй тургандыгын баса белгилеген.

"Мен ханыша Елизавета IIнин эң жакын досумун жана бүтүндөй Улуу Британиянын суктануучусумун. Буга чейин падышалыктан кеткен Гарри менен Меган Канадада түбөлүк жашайт деп кабарланган. Эми алар Канададан АКШга келишти. Бирок, өлкө алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн акча төлөбөйт. Алар төлөшү керек!" - деп жазган Трамп.

Белгилей кетсек, принц Гарри жана жубайы Меган  27-мартта Канададан АКШга көчүп кетишкен. Алар Лос-Анжелеске Канада менен АКШ чек арасын жапканга чейин жеке рейс менен учушкан. Жубайлар Голливуддун жанындагы шаарлардын биринде отурукташууну пландаштырууда. Ал жакта Меган Марклдын апасы, жакын достору жашайт.

Меган Маркл и принц Гарри с сыном Арчи

31-марттан тарта герцог жана герцогиня падыша үй-бүлөсүнүн улуу мүчөлөрүнүн милдетин аткарбай, андан бошоп калышат.

Сандрингемский саммит: 10 вопросов о будущем принца Гарри и Меган ...

Эске салсак, жубайлар 8-январда падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан баш тартуу чечимин кабыл алган. Алар финансылык жеңилдиктерге, ыйгарым укуктарга ээ болгусу келбей, падышалык үй-бүлөдөгү милдеттерди аткарып, өз алдынча акча таап жашагысы келгендигин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости