www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалган маалымат тараткан кезектеги адам аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2020-жылдын 27-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областынын Ивановка айылынын тургуну, 1967-жылы туулган Маинкуй Ибрагим аныкталды.

И.Маинкуй медициналык кызматкерлер дезинфекция өткөзүп жаткан учурду видеого тартып, туура эмес комментарий менен таркатып жиберген. 

Аны менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. И.Маинкуйдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости