www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп COVID-19дан 100-200 миң америкалык киши көз жумса, бул “жакшы жыйынтык” деп айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат  булактары жазып чыгышты. Трамптын айтымында өкмөт өз убагында алдын алуу иштерин жүргүзбөгөндө эки миллиондон ашуун адам каза болмок.

Ак Үйдүн жетекчиси коронавирустан улам АКШдагы эң көп өлүм эки жумада катталат деген пикирде. Ал эми мамлекетти калыбына келтирүү пандемиядан кийин-июнда башталат. Трамп ошондой эле өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы чараларды 30-апрелге чейин узартууну буйрук кылды.

Алдын ала 2,2 миллион киши көз жумушу мүмкүн деп айтылган айрым божомолдорду эске салып: “Эгерде биз өлгөндөрдүн санын 100-200 миңге чейин азайта алсак, демек, биз жакшы иштеген болобуз”,-деп айткан Трамп.

Ал эми Samaritan"s Purse христиандык уюму Нью-Йорктун Борбордук паркына талаа ооруканасын курууга киришкен.

“Бул талаа ооруканасында 68 койка бар. 10 койка жандандыруу бөлүмүнө, терапияга, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка даярдалган. Ушул жерге абалы өтө оор болгон 10 бейтап жатса болот. Ооруканда 60-70 медициналык кызматкерлер иштейт”,-деп айткан топтун жетекчиси Элиот Тенпенни.
Мындан сырткары,  Тенпенни Италияга бейөкмөт уюмдар талаа оорукнаасынын аналогдук түрүн эки апта мурда орноткондугун кабарлаган.
Эске сала кетсек, акыркы маалыматтар боюнча АКШда илдеттен жабыркагандардын саны 124 миң кишиге жеткен. Бул дүйнө жүзүндөгү эң жогорку көрсөткүч болуп, коронавирус жуктургандар  көп катталган өлкөлөрдүн ичинен АКШ 1-орунга чыкты.  

Ал эми дүйнө жүзүндө аталган дарт менен катталгандар 720 миңден ашып, анын 34 миңден ашууну көз жумса, 150 миңден ашууну сакайып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости