www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-мартта Жалал-Абад облустук ооруканасында коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 3 жаран бул оорудан сакайганына байланыштуу үйлөрүнө чыгарылат.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дарыгерлер тобун түштүк аймагына жөнөтүү үчүн чогулган жыйында сүйлөп жатып айтты.

“Бул кырдаал бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн чоң сыноо болду.  Кытайдын мисалында коронавирусту жеңсе боло тургандыгын көрдүк жана биз ага жетебиз. Ошондуктан жалпыбыз колубуздан келгенди жасап, тажрыйбабызды көрсөтүшүбүз талапка ылайык”, – деди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости