www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу ишин убактылуу токтоткон сот органдарында отурумдар кайсы күнгө белгиленгенин телефондон билип турса болот. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
"Сот жараянынын катышуучулары үйдөн чыкпастан, төмөнкү телефондор аркылуу канцелярияга чалса болот: 0 312 66-35-01 (жазык иштери), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер) жана 0312 66-30-40 же 62-19-29 (жарандык иштер). 30-марттан 3-апрелге чейин Ош, Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын, Чүй облустук жана Чүй район аралык сотторунун иши бир жумага токтотулган. Бирок судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш жүргүзө берет", - деп айтылат маалыматта.
Өлкө аймагында бүгүн, 30-мартта, саат 8:00гө карата өлкөдө коронавируска чалдыккан жаңы учур катталган жок.
Булак: NazarNews.kg