www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маркум Бүбүкан Досалиеваны эскерди.

"Мүшкүл иш түшүп, ар бир кыргыздын жүрөгүн жаралап, жакшы адамдарды арабыздан алып кетти.

Кыргыз журналистикасы дагы орду толгус жоготууга учурап, Бүбүкан Досалиева акка моюн сунду. Анын ысымы кыргыз коомчулугунда, кийинки муунга өрнөк болуп, түбөлүк жашайт деп ишенем.

Жараткан ага бейиштин бакчасынан орун берип, акыретте жайы тынч болсун! Артында калган жакындарына амандык, ден соолук тилеп, тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтам. Кайрат кылыӊыздар!", - деп эскерген Искендер Матраимов.

Эске сала кетсек, 5-июлда жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.

Бүбүкан Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. Ал КТРК, “Сары Өзөн Чүй” сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости