www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Депутат Чыныбай Турсунбековдун сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин мурунку спикери, депутат Чыныбай Турсунбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Туугандары, кесиптештери жана өкмөт мүчөлөрү белгилүү саясатчы менен коштошуу үчүн келишкен. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, депутаттар Дастан Бекешев, Төрөбай Зулпукаров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жана башкалар бар.

"Кыргыз эли оор жоготууга учурады. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков президенттин, депутаттардын жана жеке өзүнүн атынан маркумдун жубайына, балдарына жана жакын туугандарына көңүл айтты", - деди парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-спикери, КСДП партиясынан бешинчи жана алтынчы чакырылыштарынын депутаты, белгилүү саясий ишмер, бизнесмен Чыныбай Турсунбеков пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Ал ИВЛ аппаратына туташтырылган болчу. Саясатчы 59 жашында, 6-июль күнү көз жумду.

Чыныбай Акуновичти акыркы сапарга узатуу зыйнатынан көз ирмемдер

Сүрөттөр ЖМКлардан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости