www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду - иним Райымбек Матраимовдун колдоосу менен коронавирустун кесепетин жоюуга гуманитардык жардам көрсөтүп баштады", деген пикирин бүгүн 21-мартта ЖК депутаты Искендер Матраимов билдирди.

Депутаттын маалыматына таянсак, “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду COVID-19 вирусун жоюуга каршы, коомчулукка, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттерди беришкен. Ошондой эле, бүгүн, 21-марттан тарта 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган аймактарга таратыла баштагандыгын коомчулукка жарыя кылды.

"Фонд биринчи кезекте гуманитардык жардамды коронавирус илдети катталган аймактардан баштайт. Ушул тапта чет өлкөдөн 10 даана портативдик жасалма дем алдыруучу жабдыгын алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана дартты аныктоочу экспресс-тесттер алгач Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет. Ага кошумча, коронавирусту 15 мүнөттүн ичинде аныктай турган 20 000 даана экспресс-тесттерди алдырып жатабыз, ал 5 күндө өлкөгө келет. Аны менен бирге эле, ата-мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан даярдалган бет каптарды аты аталган фонд 5 миллион сом өлчөмүндө сатып алууга даяр. Сатып алынган бет каптар ыктыярчылардын жардамы менен республиканын бардык аймактарында элге акысыз таратылат. Учурдан пайдаланып жергиликтүү бет кап тиккен цехтерди фонддун өкүлдөрүнө (0703) 90 96 00 телефон номери аркылуу байланышка чыгуусун өтүнөбүз", - деди депутат Искендер Матраимов. 

Ошондой эле, "Мындай кыйынчылыкты ынтымак жана сабыр менен гана жеңебиз. Элибизде тынчтык болсун, башка түшкөн оорчулуктан жеңил өтүп кетели деген тилегибизди билдиребиз!", - деп кошумчалады Жогорку Кеңештин депутаты. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости