www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктурган акыркы эки адамдын өздүгү такталды

Бүгүн, 21-март күнү Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учурдун өздүгү такталды. Бул тууралуу коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн өлкөдөгү республикалык штаб билдирди.

Маалыматка караганда, коронавирус жуктурган акыркы эки адам – 1996-жылкы жана 1994-жылкы эркектер. Франциядан учуп келген 24 жаштагы КР жараны “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жайгашкан. Ал эми экинчиси, кичи ажылыктан кайткан 26 жаштагы КР жараны Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынганы айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун маалыматы боюнча, 2020-жылдын 21-мартында саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 6 жаӊы учур катталган болчу. Түштөн кийин дагы эки учур катталды.  Ооругандардын жалпы саны – 14 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости