www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Искендер Матраимов "Исмаил Ата" фондунун атынан бардык дарыгер жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

"Түшүнбөстүктөрдөн улам жаралган талаштарга чекит коюлду. Эки тарапты теӊ маалыматтык келишпестиктерге барбоого чакырабыз.

Учурдагы кыйын күндөрдө эч нерсеге карабай, элдин ден-соолугу үчүн чогуу аракеттерди жасообуз абзел. Биз биргеликте гана кыйынчылыктарды жеӊе алабыз. Кол кармашып, ынтымак менен гана жашообузду кубанычка бөлөйбүз!

Фонддун атынан, дагы бир жолу Айгерим Иманалиевага, Алмаз Кусеиновго, Азиз Туланбаевга, Кубанычбек Кенжекуловго, Данияр Бапыевге, Сымбат Мамутовага, Элина Усубалиевага жана башка ыктыярчыларга ыраазычылык билдиребиз.

Сиздер ар күнү өз өмүрүӊүздөрдү тобокелге салып - жүздөгөн өмүрлөрдү сактап, адамзатка жашоо берип жатасыздар. Сиздердин тоодой эмгек үчүн таазим этебиз!",-дейт депутат Искендер Матраимов. 

На изображении может находиться: 7 человек, небо и на улице

На изображении может находиться: 7 человек, люди стоят, текст «OSANTO»

 

Белгилей кетсек, буга чейин депутат фонд тарабынан ачылган стационарларда жарым айдан бери адам өмүрүн сактоого болгон күч-аракетин жумшаган дарыгерлер өз ишин аякташканын жазган. Бул аралыкта 32 дарыгер 705 бейтапка кеп-кеңешин берип, алардын 120сын ооруканага жаткырып медициналык жардам көрсөтүшкөн. Алардын ичинен 82 адам айыгып чыгып, 3 адам реанимацияга которулган. Жакынкы 2 аптада алар обсервацияга жайгаштырылып, ден-соолугун чыңдашат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкон дарыгерлерге төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр» тууралуу буйругуна ылайык «Исмаил Матраимов» атындагы фонд 32 дарыгерге акча которгон.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости