www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Өлкөбүздүн жаркын келечегин билимдүү, илимдүү, мекенчил жаштар менен байланыштырабыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, 2020-жылдын орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө  «Алтын сертификаттарды» тапшыруу аземинде.

Салтанаттуу иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы жана «Алтын сертификатка» ээ болушу менен куттуктады. Бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи.

«Бүгүн силер аркылуу өлкөбүздүн бардык бүтүрүүчүлөрүн чоң турмушка аттануусу менен  куттуктайм. Силердин турмуш жолуңар шыдыр болсо экен деп тилейм. Биз силерге чоң ишеним, бийик үмүт артабыз», — деп баса белгиледи Президент. 

Сооронбай Жээнбеков азыркы заманда мамлекеттин өнүгүүсү үчүн — жаратылыш байлыгы, элинин саны эмес, калкынын билим деңгээли чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи.

«Ошондуктан, коомдун интеллектуалдык  потенциалын биздин өнүгүүбүздүн негизги ресурсу катары баалайбыз. Биз бул жолду азыр гана тандап алган жокпуз, коомубуздун тарыхы, ата-бабаларыбыздын баскан жолу ушундай болгон. Биз материалдык байлыкты эмес, руханий байлыкты бийик тутуп, сактап, муундан муунга өткөрүп  келген элбиз. Силер сындуу алдыңкы жаштарыбыз — ушул жолду улантат», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы өлкөнү илим-билим аркылуу алга сүрөгөн азаматтар аз эмес экенине ишенерин белгиледи.

«Учурдагы этап — биздин өлкөбүздүн өнүгүү тарыхындагы зарыл өзгөрүүлөрдүн мезгили. Анткени биз гана эмес, жалпы адамзат өнүгүүнүн жаңы жолдорун издөөгө муктаж болуп турат. Дүйнөлүк экономиканын мурунку технологиялык базанын негизинде өнүгүү мүмкүнчүлүгү аяктады. Азыр билимге негизделген экономиканын, жаңы технологияларга таянган коомдун мезгили келди», — деп баса белгиледи Президент.

Азыркы дүйнөдө жүрүп жаткан тенденцияларды туура баамдап, аларга жигердүү катышуу менен гана Кыргызстан социалдык жана экономикалык ийгиликтерге жетишерин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын баса белгиледи.

«Буга быйыл республика боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүбүз Нурбек кызы Акмарал — алыскы Алай районунун окуучусу экендиги мисал. Биз өлкөбүздүн кайсы жеринде жашаганына карабай, ар бир өспүрүмдүн талантын ачууга  жетишибиз керек. Ошол үчүн элет жериндеги мектептерди интернет жана башка окуу технологиялары менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатам», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди багынтууну каалады.

«Келечекте силер сындуу намыстуу жаштарга өлкөбүздүн тагдырын өткөрүп беребиз. Мамлекетибиздин тагдыры ишенимдүү колго өтөт деп биз силерге ишенебиз. Алдыга койгон максатыңар ишке ашып, аруу тилегиңер орундалсын! Жараткан Кудай жолуңарды ачып, эң жогорку ийгиликтердин ээси болгула», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыктуу болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости