www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агасы мамлекеттин президенти болгону үчүн Асылбек Жээнбековдон депутаттык мандатты тапшырууну талап кылуу туура эмес. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агенттигине А. Атамбаевдин учурдагы мамлекет башчысына анын бир тууганы депутат болуп отурганы тоскоолдук кылат деген билдирүүсүнө кооментарий берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Исхак Масалиевдин пикиринде, Сооронбай Жээнбековду мамлекеттин президенти кылып шайлагандан кийин, ал партияла эмес жана баары үчүн бирдей. Сооронбай Жээнбеков үчүн 900 миң адам добуш берди. Алар КСДП үчүн эмес, конкреттүү түрдө Сооронбай Жээнбеков үчүн добуш беришти.

«КСДП, «Ата-Мекен», «Республика-Ата Журт» эе «Өнүгүү-Прогресстин» ага (Сооронбай Жээнбековго) мамилеси негизги эмес. Ага эч ким партиянын эркин таңуулай албайт, жадакалса ал бийликтин партиясы болсо дагы. Президент чечимдерди өзү кабыл алышы керек жана тигил же бул партиянын чечимдери менен байланышта болбошу керек. Мен аларда кандай макулдашуу болгонун билбейм. Депутат – саясий партиянын тизмеси боюнча шайланган адам. Сооронбай Жээнбеков партиянын лидери болгон эместигине байланыштуу анын инисинен мандатты тапшырууну талап кылуу бери эле дегенде сыпайылык эмес», - дейт Исхак Масалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости