www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсиңиздерде бар да, президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч түзүмдөрүндө, укук коргоо жана сот органдарында коррупциялык элементтер бар экенин айтып, бул багыттагы күрөштү күчөтүү талабын койгон билдирүү жасаган. Ошондон кийин эле мамлекет башчысынын мына ушул билдирүүсүнө каяша айткан маанайда макалалар жазылып, адегенде “телегра” сайтына жарыяланып, андан кийин аттуу-баштуу эле агенттикке чыгып, андан кыргыз тилдүү басылмалардагы макалаларды орус тилине оодарып жарыялоочу “gezitter.org” сайтына илинип эле, өзүнчө эле маалыматтык чабуул жасалган.

Андан кийин Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алмаз Курманалиевдин авторлугунда макала жарыяланган. Бул макалаларда негизинен “Эгерде С. Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү баштап атса, анда Атамбаевди убагында эмне жасалган?” деген суроо коюлуп, президенттин бул билдирүүсүн “Раим миллиондун” экс-президент А. Атамбаевдин мөөнөтүнүн аяк ченинде кызматтан алынганына жаны ачышып, эми Атамбаевдин кадрларын кызматтан кетирүү аракетин көрүп атат деген сыяктуу коомдук пикир жаратууга аракет жасалган.

Андан кийин Мээрбек Мискенбаев аттуу экс-депутат “Форум” ишканасынын алдында Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чарада президенттин иниси Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшырсын деген талапты коюп чыккан. Бирок, анын мындай талабын коомчулук колдоого алган эмес. Ошентип бул аракети майнапсыз болуп калгандан кийин, М. Мискенбаев 7-апрелде 10 миң адамдын коштоосунда жөө жүрүшкө чыга турганы каңкууланган. Эскерте кетели, мына ушунун баары А. Атамбаевдин 31-марттагы маалымат жыйынына чейин эле жасалган жана айтылган кептер эле.

 

Анан 31-мартта экс-президент А. Атамбаев КСДП партиясынын тар курамдагы жыйыны аркылуу партия лидери болуп алгандан кийин “Орион” мейманканасында журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Мына ошол маалымат жыйынында ал буга чейин президентке каршы жасалган маалыматтык чабуулдарда айтылгандардын баардыгын өз оозу менен кайталап алды.

Мисалы, ал 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент С. Жээнбековдун коррупцияга байланыштуу айткан билдирүүлөрү чындыкка коошпойт деди. Анын айтымында күч түзүмдөрүндө коррупция жок сыяктуу экен. Азыркы Коопсуздук кеңешине келген жетекчилерге да ичи чыкпай тургандыгын көрсөтүп алды. Анан дагы “Сапар Исаков “Раим миллиондун” санаалаштарынын кысымына кабылды” дегендей ойду айтты. Муну менен ал “Раим миллионду” президент С. Жээнбековго жармаштыргысы келди. Мындай аракети ага чейин эле маалымат булактарына жарыяланган жогорудагы макалаларда айтылган.

Ал эми президенттин иниси Асылбек Жээнбеков агасы президент болгону үчүн депутаттык мандатын тапшырышы керек деген талапты А. Атамбаев да кое турганын айтты. “Мискенбаев менден биринчи айтып алган турбайбы” дегендей болду. 7-апрелде 10 миң адамдын коштоосунда жасала турганы каңкууланган митингди да биротоло жокко чыгара албады. Ал “7-апрелде адамдарды топтоп, апрель окуяларында каза болгондорго куран окуттуруп коеюн дегем. Мен бир жаңы мечит курдургам, ошого дагы барабыз”, - дегендей болду.

Демек, А. Атамбаевдин кайрадан коомчулуктун алдына чыкканына чейин эле маалымат булактары аркылуу президент С. Жээнбековго жана анын иниси А. Жээнбековго каршы жасалган маалыматтык чабуулду экс-президент эки саат ичинде эле толугу менен кайталады. Ошентип өзү чалган ботконун сырын өзү байкоосуздан ачыкка чыгарды. Ошол макалалардын артында, Мискенбаевдин кыйкырыктарынын артында ким турганын даана көрсөттү. Атамбаевге президент С. Жээнбеков өзү тийишкен жок. Атамбаев өзү биринчи болуп тийишти. “Мени гана угуп иштешиң керек болчу да” дегендей кыжынмайы кармаганын көрсөттү. Анын убагындагы коррупциялык иш-аракеттердин болгону (Бишкек ТЭЦиндеги) да ачыкка чыгып калганы экс-президенттин уйкусун качырып аткан сыяктуу.

Азыркы тапта эл президент С. Жээнбеков тарапта. Экс-президенттин жалгандары чыгып, өзүнүн гана кадрларын корголоп атканы, жасалган былык иштерди жаап-жашырып калуу аракетин көрүп атканы элдин кыжырын кайнатууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости