www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин VI чакырылышын «ишмердүүлүгүн» көрүп, «кел демей бар, кет демей жок...» деген сөз эске келет. Мындай пикирин саясатчы Исхак Масалиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Кел демей бар, кет демей жок... Дал ушул сөз эске келет, Жогорку Кеңештин VI чакырылышын «ишмердүүлүгүн» көрүп.
Мыйзамсыз өздөрүнүн мөөнөтүн узартышып, эми үч-төрт күн жетпейт экен! Өлө иштегиси келип калыптыр.
Ишкерлерге жаны жылга «салык белек» берип, Акылбектин жомокторун (бюджет) бекитип койгон аракеттер байкалууда. Жетишет, эс алгыла...», - деп жазган Масалиев.
Эске салсак, буга чейин Аида Касмалиева «VII чакырылыштын депутаттары биринчи отурумун өткөргөнгө чейин VI чакырылыштын ыйгарым укуктары күчүндө болот» деп айткан.
Ал эми айрым депутаттар мөөнөтү бүткөндөн кийин да Ак үйгө ат тезегин кургатпай каттап туралы деген да сунуштарын жаадырган.
Булак: NazarNews.kg